• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кытайдагы 5,5 баллдык жер титирөө Нарында да сезилди

Аймак 0

Бишкек, 10.08.21. /Кабар/. Кытайдагы 5,5 баллдык жер титирөө Нарында да сезилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы КР Сейсмология институтунун маалыматына таянып билдирди.

Маалыматка ылайык, 9-августта саат 16:51де Кытай Эл Республикасын аймагында очогунда күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жердин силкинүүсү Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Сай, Кок-Айгыр айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий