• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кытайдагы 6 баллдык жер титирөө Ысык-Көлдө да сезилди

Кырсык 0

Бишкек, 10.05.20. /Кабар/. Кытайдагы 6 баллдык жер титирөө Ысык-Көлдө да сезилди, - деп билдирет КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, күн мурун саат 21:35те Кытай Эл Республикасынын аймагында очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Бедел, Ыштык айылдарында 4 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалыматка караганда, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий