• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кытайдагы абакта 200дөй адам коронавурусту жуктуруп алды

Дүйнө 0

Бишкек, 21.02.20. /Кабар/. Кытайдын Шаньдун провинциясындагы "Жэньчэн" абагында эркинен ажыратылган 200 адам жана 7 кызматкер коронавирустун жаңы түрүн жуктуруп алды. Бул тууралуу ТАСС агенттигине шилтеме берүү менен Известия басмылмасы жазат.

Маалыматка ылайык, алгач, 13-февралда ооруну күзөтчү жуктуруп алган. Мындан улам бийлик санитардык иш-чараларды уюштурган. Бирок, ага карабай илдет түрмөдө тарап кеткен.

Коронавирустун тарап кетишинен улам аталган провинциянын юстиция башкармалыгынын башчысы Цзе Вэйцзюн иштен алынган.

Мындай чечим абактагы коронавирустун жайылышын көзөмөлдөө жана алдын алуудагы иштерде ката кеткендиктен кабыл алынган.

Акыркы маалыматтарга караганда, Кытайда коронавирустун жаңы түрүнөн 18 миң 264 адам айыкты. Илдеттен 2 миң 236 адам көз жумду.

Пикир

Оставить комментарий