• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кытайдагы автобус кырсыгынан 5 адам каза болуп, 24ү жабыркады

Дүйнө 0

Бишкек, 10.09.19. /Кабар/. Кытайдын түндүк-чыгышында болгон жол кырсыгынан 5 адам каза болуп, 24ү жабыркады. Бул тууралуу Синьхуа басылмасы билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.

Жол кырсыгы шейшемби күнү Цзилинь провинциясынын Инъань шаарында болгон. Автобус бурулуп жатканда жолдон чыгып кеткен. Жыйынтыгында автобустун айдоочусу менен бирге 4 адам каза болгон жана 24 адам жабыркаган.

Жабыркагандар ооруканага жеткирилген. Окуянын келип чыгуу себиби иликтенүүдө.

Пикир

Оставить комментарий