• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кытайдагы бала бакчалардын бирине кол салуу болуп, 19 адам жаракат алды

Дүйнө 0

Бишкек, 28.04.21. /Кабар/. Белгисиз киши Гуанси-Чжуанск автономдуу райононундагы балдар бакчасына кол салды, - деп маалымдайт Кытайдын борбордук телеканалы.

Окуя Бэйлю шаарында жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:00дө болгон.

Алдын ала маалыматка караганда, 16 бала жана эки тарбиячы жаракат алган, эки баланын абалы оор экендиги айтылды.

Полиция шектүүнү колго түшүргөн. Азырынча кол салуунун себеби жана жанында кандай курал болгондугу ачыкталган жок.

Булак: РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий