• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кытайдагы коронавирустан каза болгондордун саны беш жүзгө чукулдады

Дүйнө 0

Бишкек, 05.02.20. /Кабар/. Кытайда тараган коронавирустун жаңы түрүн жуктуруп алгандардын саны 24,3 миңден ашып, 490 адам көз жумду. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

"Ванъи" маалымат порталынын билдирүүсүнө таянсак, 23,6 миң адам илдетти жуктуруп алса, 491 тургун каза болгон.

Борбордук бийликтин маалыматына караганда, өлкө боюнча 185,5 миң адам дарыгерлердин ар дайымкы көзөмөлүндө болууда.

Порталдын акыркы маалыматтарына ылайык, 846 адам оорудан сакайып кеткен. Провинциялар арасында илдетти эң көп жуктуруп алган аймак бул Хубэй (16,6 миң адам жуктуруп алган), аталган провинцияда эле 479 адам каза болгон.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын декабрь айында Кытайдын Ухань шаарында жаңы вирустун пайда болгону белгилүү болгон. Адистер аны коронавирустун жаңы түрү "2019-nCoV" деп атаган. Кытайдан тышкары илдетти жуктуруп алгандар Гонконг, Макао, Тайван, Таиланд, Япония, Түштүк Корея, АКШ, Канада, Вьетнам, Сингапур, Непал, Франция, Австралия жана Малайзияда байкалган.

Пикир

Оставить комментарий