• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кытайдагы коронавирустан каза болгондордун саны эки миңден ашты

Дүйнө 0

Бишкек, 19.02.20. /Кабар/. Кытайдагы коронавирустун жаңы түрү COVID-2019 каза болгондордун саны 2004 адамга кетти. Бул тууралуу Кытайдын Саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитети билдирет.

Акыркы алынган маалыматтарга таянсак, 14 миң 300 адам илдеттин айыккан, ал эми 74,1 миң адам коронавирусту жуктуруп алган.

ТАСС маалымдагандай, ведомство 18-февралга карата 72,4 миң адам вирусту жуктуруп алгандыгын, 1868 киши каза болгондугун жана 12,5 жаран айыккандыгын билдирген.

Өлкө боюнча вирусту жуктуруп алгандардын эң көбү Хубэй провинциясында катталган, 61,6 миң адам илдетти жуктуруп алса, анын ичинен 1921и каза болгон. Ал эми 9128и айыккан.

Эске сала кетсек, 2019-жылдын аягында Кытайда чыккан коронавирустун жаңы түрүнө COVID-2019 деген расмий аталыш берилген. COVID — CO коронавирусту, VI вирусту туюндурса, D ооруну билдирет.

Пикир

Оставить комментарий