• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кытайдагы коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 4 миңден ашты

Дүйнө 0

Бишкек, 28.01.20. /Кабар/. Кытайдагы коронавирустан каза болгондордун саны 100дөн ашты. Бул тууралуу РИА Новости маалымат агенттиги жазды.

Кытайдын Мамлекеттик саламаттык сактоо иштери боюнча комитетинин маалыматына ылайык, илдетти жуктуруп алгандардын жалпы саны 4 миң 515 адамга жеткен, алардын ичинен 106сы каза болгон.

Мындан мурда 2 миң 744 адам ооруну жуктуруп алып, алардын 80и каза болгондугу кабарлаган болчу.

"Бир сутканын ичинде 1 миң 771 жаңы учур катталгандыгы тастыкталган. Анын ичинен Хубэй провинциясында - 24 учур, Пекинде - 1, Хайнань провинциясында - 1 учур.

Гонконгдо ооруну жуктуруп алган сегиз учур катталса, Макаодо - жети, Тайванда - беш.

Пикир

Оставить комментарий