• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кытайдагы кыргыздар маселеси – Жээнбеков Кыргызстандын позициясын билдирди

Президент 0

Бишкек, 19.12.18. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынында Кытайдын лагерлеринде кармалып жаткан этникалык кыргыздардын айланасындагы кырдаал боюнча өз пикирин билдирди.

Жээнбеков Кытайдагы кыргыздар боюнча маселеге этият мамиле кылыш керек деп эсептейт.

“Бул өтө аяр маселе. Бул маселени этият жана таразалап– дипломаттык жол менен чечиш керек”, - деди президент.

Ал Кыргызстанда тергөөдө Кытайдын үч жараны бар экенин, алар анын айланасында мындай катуу ызы-чуу көтөрбөгөнүн,, себеби алардын жараны чет жерде жүргөндө башка мамлекеттин мыйзамдарына баш ийерин түшүнөрүн белгиледи.

“Кытайда жашаган биздин мекендештер алардын мыйзамдарына баш ийет жана биз алардын ички иши менен тартибине түз кийлигише албайбыз. Биз көп улуттуу мамлекетпиз. Бирок бул нерсе биз коркобуз дегенди түшүндүрбөйт. Мындай маселе бизде да болсо башка тарап өздөрүнүн жарандарын түз коргоп чыга албайт. Бул жагынан биз мамлекеттик кызыкчылыктарыбызды коргоп, коңшулар менен алдыдагы мамилелерибизди ойлонушубуз керек”, -деди мамлекет башчы.

Ал учурда Кытай экономикалык өнүгүүсү боюнча дүйнөдөгү алдыңкы мамлекеттеринин бири экенин белгиледи. Буга байланыштуу Кыргызстан бул маселени күч жана чыр менен чечпей, эки тараптуу макулдашуулардын алкагындагы милдеттерди жана мамилени бузбаш үчүн дипломатиялык жол табыш керек.

Мындан тышкары президент ушул жылы Кыргызстанга 11 миң 966 киши келгенин, кыргыз жарандыгын Кытайдын 268 жараны алганын билдирди. Алардын ичинен 171си кыргыз, 6 казак, 2 уйгур, ошондой эле дунган жана кытай улутундагылар болгон.

Пикир

Оставить комментарий