• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кытайдагы Манас жана анын 40 чоросуна тургузулган эстелик - фото

Маданият 0

Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдук районуна (СУАР) болгон таанышуу сапарынын алкагында кыргыз журналисттери Улуучат шаарына барып, жергиликтүү ажайып кооз жерлер менен таанышышкан. Улуучат кичи шаарчасы коңшу өлкөнүн Кызыл-Суу кыргыз автономдук облусунда жайгашкан.

Манас жана анын кырк чоросунун урматына тургузулган эстелик – кыргыз-кытай биргелешкен долбоору болуп саналат, анткени ал эки өлкө чеберлеринин колунун жаралган. Бул эстеликтин эскизин тартууда жардам көрсөтүү үчүн Кыргызстандан сүрөтчүлөр жана манас таануучулар чакырылган. Ал эми Кытай тарап каражат, айкелди тургузуу дагы материалдарды толугу менен өз мойнуна алган.

Бул облустагы эң ири айкел болуп, аны жасоо жана тургузуу иштерине жалпысынан 5 миллион юан сарпталган.

Жергиликтүү аткаминерлер билдиргендей, жылдан-жылга ушул эстеликти көрүү үчүн келген туристтердин саны өсүүдө. Ошондой эле бул эстеликти көрүп, жаңы бир нерсени билүү үчүн келген жергиликтүү жашоочулардын саны да арбын.

Айкелди чоң китеп түрүндө жасалып, анда Манастын 40 чоросунун ысымдары жазылган. Анткени алар тууралуу маалымат өтө аз болгон.

Улуучат районунун акими Кален уулу Сиярбек билдиргендей, Кытайда жашаган этникалык кыргыздар белгилүү манасчы Жусуп Мамайдын версиясы боюнча Манас жана анын кырк чоросу тууралуу өзүнчө китеп басып чыгарууну пландоодо.

– Манастын кырк чоросу аны дайыма жандап жүргөндүктөн биз эстеликти ошол желдеттердин катышуусу менен жасоону чечтик. Ар бир скульптуранын алдында алардын ар биринин ысымы жазылган. Бул китептер өсүп келе жаткан муун, туристтер жана жалпы журт Манастын жанында жүргөн желдеттери ким болгондугун билүү үчүн орнотулган. Анткени улуу “Манас” эпосу кылымдан-кылымга өткөрүлүп берилип, биздин тарыхта сакталып калышы керек. Андан тышкары, “Манас” эпосун изилдегендер үчүн бул монумент дагы бир себеп болуп калат. Кырк чоро тууралуу маалымат абдан аз болгондуктан, алар тууралуу мындай чоң китеп эч жерде жок. Ошондуктан биз бул тууралуу китеп жазууну пландап жатабыз, - дейт Кален уулу Сиярбек.

Манас тууралуу китепти Кытайда 2014-жылы басып чыгарышкан. Анын ичине улуу манасчы Жусуп Мамайдын айтуусундагы 230 миң сап ыр кирген.

– Кытай Коммунисттик партиясынын жетекчилиги алдында 2006-жылы “Манас” эпосу Кытай элинин материалдык эмес баалуулуктар тизмесине кирген. Ал эми 2009-жылы БУУнун адамзаттын материалдык эмес баалуулуктар тизмесине кирген, - дейт аким.

Манас жана анын 40 чоросу жайгашкан монументтин алдына ачык китеп түрүндө Манаска эстелик тургузулган. Ал жерде кытай жана кыргыз тилинде эпостон үзүндүлөр жазылган.

– Бул эпос илгери адамдар уруу-уруу болуп жашаган маалда пайда болгон. Ал ошол кездеги элдердин жашоо шарты, маданияты жана согушуу чеберчилиги тууралуу баяндайт. Азыркы күндө ал адамдар биз үчүн - уламыш. Эпосто 8 муундун жашоосу тууралуу баяндалат. Бул китеп туристтерди “Манас” эпосу менен тааныштыруу гана үчүн эмес, шаардын тургундары да келип, “Манас” эпосу тууралуу жаңы нерселерди үйрөнүүсү үчүн жасалган, - дейт аталган монументтин кароолчусу Кемел уулу Мамбеттурсун.

Кытайда “Манас” эпосуна чоң маани берилет. Ал тууралуу бала бакча, мектептерде айтышып, жада калса университеттерде Кытайдын башка эпостору менен биргеликте сабактар өтүлүп келет.

Пикир

Оставить комментарий