• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кытайдагы окуучуларга кол салуунун курмандыктары тогуз адамга жетти

Дүйнө 0

Бишкек, 28.04.18. /Кабар/. Кытайдын Шэньси провинциясындагы Мичжи уездиндеги мектеп окуучуларына бычак менен кол салуудан курман болгондордун саны 9 адамга жетти,-деп билдирет уезддин бийлиги.

Мурда каза болгондордун саны 7, жабыркагандар 12 адам экендиги маалымдалган. Эки бала алган жаракаттан улам ооруканада каза болгон,-деп жазат РИА Новости.

Кол салуу жума күнү жергиликтүү убакыт боюнча болжол менен саат 18:10дө балдар мектептен үйлөрүнө кетип жаткан кезде болгон. 1990-жылы туулган фамилиясы Чжао аттуу жаш бала алдынан биринчи болуп чыккан балдарга бычак менен кол салган. Ал өзү да мурда ошол мектептен билим алган.

Кармалгандар соң, ал бирге окуган классташтары аны окуу мезгилинде кемсинткендери үчүн өз алууга аракет кылган.

Укук коргоо органдары иликтөө амалдарын жүргүзүшүүдө, жабыркаган балдар бейтапканага жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий