• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кытайдагы турнирде КРнын футбол боюнча өспүрүмдөр курамасы (U-17) Ирандан жеңилип калды

Спорт 0

Бишкек, 21.05.18 /Кабар/. Кытайдын Цзянинь шаарында өтүп жаткан CFA International Youth Tournament эл аралык турниринде Кыргызстандын футбол боюнча өспүрүмдөр курамасы (U-17) үчүнчү оюнда Ирандан жеңилип калды.

Турнирдин жыйынтыктоочу оюнунда кыргызстандыктар 1:3 эсебинде атаандаштарынан утулуп калды.

Биздин кураманын мүчөсүндөгү Рыскелди Артыкбаев топ киргизип, өзгөчөлөндү,-деп билдиришти футбол федерациясынан.

Биринчи оюнда кыргызстандыктар Кытай курамасына 0:1, андан соң Япониянын курамасынан 1:2 эсебинде утулуп калган.

Эске сала кетсек, КРдин 17 жашка чейинки өспүрүмдөр курамасы CFA International Youth Football Tournament 2018 эл аралык турнирине катышты. Турнир 16нан 20-майга чейин Цзянинь (Кытай) шаарында өттү. Ошондой эле мелдешке Иран, Япония жана Кытайдын курамалары катышты.

Пикир

Оставить комментарий