• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кытайдагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 12ге жетти

Дүйнө 0

БИШКЕК, 09.08.17. /Кабар/. Кытайдагы Сычуань провинциясындагы катуу жер титирөөдөн каза болгондордун саны 12ге, жабыркагандардын саны 175 адамга чейин жетти,- деп билдирди Кытайдын борбордук телеканалы расмий бийликке шилтеме берүү менен.

Мурдараак 9 адамдын каза болгонун жана 164 жабыркагандар боюнча маалымдалган болчу. 28 адамдын абалы оор экени айтылууда.

Издөө-куткаруу иштери уланууда, ага куткаруучулар, медицина кызматкерлеринен тышкары 1300дөн ашык аскер кызматкерлери жардам берүүдө.

Күчү 6,5 баллга жеткен жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча 21:19да Сычуань провинциясында болгон. Кийинчерээк сейсмология институту жер титирөөнүн күчү 7 баллга жеткенин аныкташкан.

Булак: РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий