• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Кытайдагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 32ге жетти

Дүйнө 0

БИШКЕК, 09.08.17. /Кабар/. Синьцзян-Уйгур автономиялык районундагы катуу жер титирөөдөн каза болгондордун саны 32ге жетти деп билдирди Кытайдын борбордук телеканалы.

Мурдараак 19 адамдын көз жумганы кабарланган болчу.

Бизге жеткен маалыматтарга ылайык, жер титирөөдөн 142 үй бузулуп, 1060 жабыркаган.

Күчү 6,6 баллга жеткен жер титирөө Кытайда жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:27 чамаларында болгон.

Күчү 6,5 баллга жеткен дагы бир жер титирөө бейшемби күнү саат 21:19 чамаларында Цзючжайгоу уездинде болгон. Кийинчерээк Кытай сейсмология борбору жердин силкинүүсү 7 баллга жеткенин аныкташкан. Акыркы маалыматтар боюнча каза болгондор 13, жабыркагандар 175 адамды түзүүдө.

Булак: РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий