• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кытайдагы жер титирөө Ош облусунда үч баллга чейин сезилди

Аймак 0

Бишкек, 22.02.22. /Кабар/. Кытайдагы жер титирөө Ош облусунда сезилди, - деп кабарлайт КР ӨКМдин маалымат кызматы.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 08:59да Кытай Эл Республикасында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Кыргызстандын Ош облусунун Алай районунун Иркештам айылында 3 балл, Нура айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий