• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кытайдан 6 кыргызстандык студент келди. Алар учурда атайын чатырларда

Ден соолук 0

Бишкек, 28.01.20. /Кабар/. Кытайдан 6 кыргызстандык студент келди. Аларда коронавирустун эч кандай белгилери жок, медициналык көзөмөл жүргүзүлүүдө, - деп маалымдайт өкмөттүн басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын төрайымдыгы алдында Эпидемияга жана эпизоотияга каршы республикалык өзгөчө комиссиянын жыйыны өттү.

Жыйындын катышуучулары саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин коронавируска байланыштуу кырдаал тууралуу маалыматын угуп, талкуулашты. Бүгүнкү күнү коронавирус такталган учурлар жок, республикадагы эпидемиологиялык кырдаал туруктуу.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин тапшырмасы боюнча коронавируска байланыштуу жагдайды көзөмөлдөө боюнча ыкчам штаб түзүлдү. Штабдын мүчөлөрү Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлдөрү менен туруктуу байланышып турушат.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 28-январда эртең менен Кыргыз Республикасына Үрүмчү шаарынан 6 кыргызстандык студент келген. Алар Үрүмчү шаарындагы (Кытай Эл Республикасы) Синьцзян университетинде окушат.

Учурда бардык студенттер атайын чатырларда (изоляторлордо), буларга дайыма медициналык көзөмөл жүргүзүлүп жатат, алардын ден соолугу канааттандыраарлык, эч кандай оорунун белгилери жана симптомдору чыккан жок. Азыр лабораториялык диагностикалык изилдөө иштери жүрүп жатат.

Кыргыз Республикасына келген студенттер Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо уюмунун бекиткен нормаларына жана сунуштарына ылайык санитардык-карантиндик аймакта тиешелүү текшерүүдөн өтүүдө.

Медицина кызматкерлеринин айтымында, бул кыргызстандык студенттер 2019-жылдын 27-январынан 2020-жылдын 21-январына чейин Кыргызстанда каникулда болушкан. Алар 2020-жылдын 21-январынан 2020-жылдын 27-январына чейин Үрүмчү шаарында болушкан.

Кыргыз студенттер Кыргыз Республикасына Казакстан Республикасы аркылуу келген.

Белгилей кетсек, Ички иштер министрлиги Кытай Эл Республикасынын жождорунда окуган Кыргыз Республикасынын жарандарынын тизмесин аныктоо боюнча иштерди жүргүзүүдө. Зарылдыкка жараша кыргыз жарандарын эвакуациялоо маселеси иштелип чыкты.

Пикир

Оставить комментарий