• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кытайдан аткезчилик менен келген дээрлик 800 миң сомдук 735 телефон кармалды

Аймак 0

Бишкек, 01.02.19. /Кабар/. Бажы кызматы дээрлик 800 миң сомдук 735 телефонду Кытайдан аткезчилик менен алып келген кыргыз жаранды кармады.

Кара-Суу районунун Фурхат айылында "Мерседес-Бенц спринтер 313" үлгүсүндөгү унааны башкарган Д.М.К аттуу жаран токтотулган.

Анын унаасын текшерүүдө декларацияга алынбаган товар - Кытайдан чыккан мобилдик телефондор табылган. Анда 735 даана телефон болуп, анын орточо баасы 797 миң сомду түзгөн.

Бул боюнча материалдар Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий