• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кытайдан башка өлкөлөрдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 500дөн ашты

Дүйнө 0

Бишкек, 14.02.20. /Кабар/. Кытайдан башка өлкөлөрдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 500дөн ашты. Бул тууралуу Кытайдын мамлекеттик CGTN каналынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 63 миңдей илдетти жуктургандардын ичинен 505и Кытайдан башка өлкөлөрдө катталган.

South China Morning Post гезитинин билдирүүсүндө, чет өлкөдө илдетти жуктургандардын жарымы Японияда аныкталган. Ошондой эле "Diamond Princess" кемесинде 218 учур катталган. Ал эми Сингапурда 60, Тайландда жана Түштүк Кореяда 30 адам ооруну жуктурган. Батыш өлкөлөрүндө Германияда 16, Францияда 11 жана Австралияда 15 адам ооруйт.

Акыркы маалыматтар боюнча, Кытайда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 63 миң 918 адамды түздү. Ошондой эле илдеттен 1488 адам каза болду жана 6 миң 982 жаран айыкты.

Пикир

Оставить комментарий