• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кытайдан Бишкекке 40 кыргыз студенти алынып келинди. Сүрөт

Коом 0

Бишкек, 13.02.20. /Кабар/. Кытайда окуган кыргыз студенттери Казакстан аркылуу Бишкекке келишти. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 13-февралда Пекин-Алматы аба каттамы менен Кыргызстандын 40 студенти Алматы шаарына учуп келишти. Андан соң алар атайын жиберилген автобустар менен “Акжол-автожол” көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу Кыргызстанга келишти. Тепловизор аркылуу текшерүүдөн соң уландар жана кыздар чек ара контролунан өтүштү.

Бардык студенттердин ден соолугу канааттандырарлык. Алар Саламаттык сактоо министрлигинде бекитилген иш-аракеттер жадыбалына ылайык, карантиндик зонада медициналык кароого жиберилди.

Кыргызстандык студенттер Үрүмчү шаарында болушкан. Алар Кытай менен чек ара жабылып, аба каттамдары токтотулгандыгына байланыштуу мурдараак сатылып алынган билеттер менен мекенине кете албай калышкан.

Пикир

Оставить комментарий