• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кытайдан келген дарыгерлер бүгүн мекенине кайтууда

COVID - 19 0

Бишкек, 27.04.20. /Кабар/. Кытайдан келген дарыгерлер бүгүн мекенине кайтууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, Кытайдан келген дарыгерлердин тобу бүгүн саат 12:00дө мекенине учуп кетүүдө. Ал белгилегендей, кытайлык дарыгерлердин катышуусу менен бир нече брифинг өтүп, жолугушуулар, пикир алмашуулар болду.

"Мындан тышкары дистанттык түрдө окутууларды өткөрүштү. Онлайн окутууларга бир учурда 700дөн 2 миңге чейин медицина кызматкери катышты",- деди ал.

Ал, Кытайдын дарыгерлери кыргызстандык кесиптештеринин аткарып жаткан иштерине берген баасы тууралуу да айтып берди.

"Биздин колдонмолор эл аралык стандарттарга ылайык экенин, жакшы иштер алынып барып жатканын айтышты. Биздин дарыгерлердин деңгээли жогорку экенин белгилешти. Кемчилик катары эмес, бирок алардын байкоолору боюнча карантин шарттарын жакшылап кароо керек экен. Мисалы, алар өздөрүндө карантин шарттары толук аткарылганын белгилешти", - деп ал, кытайлык дарыгерлер Кыргызстанга келип-кетип өз тажрыйбалары менен бөлүшүүгө даяр экенин билдиргенин айтты.

Эскерте кетсек, кытайлык дарыгерлер тобу Кыргызстанга 20-апрель күнү келишкен.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 27-апрелге карата коронавирус жуктурган 13 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 695ти түзөт. Алардын ичинен 395 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий