• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кытайдан келген этникалык кыргыздар Кыргызстандын маданият ишмерлери менен жолугушту

Маданият 0

Бишкек, 25.03.19 /Кабар/. Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук районунун Кызыл-Суу кыргыз автономдук облусунан келген этникалык кыргыздар менен Кыргызстандын маданият ишмерлеринин жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуу А. Осмонов атындагы Улуттук китепканада болгон.

Улуттук китепканадан билдиришкендей, жолугушууну Маданият, маалымат жана туризм министрлиги уюштурган.

Жолугушуу китепкананын Айтматов залында өтүп, ага маданият министринин орун басары Кайрат Иманалиев, таанымал маданият жана искусство ишмерлери – Султан Раев, Түгөлбай Казаков, Муратбек Бегалиев, Жамал Сейдакматова жана башкалар катышкан. Анда келгендер маданий байланыш, кызматташуу боюнча пикир алышышкан.

Андан тышкары, китепкананын директору Ж. Бакашова Кытайдан келген маданий делегацияга тааныштыруучу экскурсия өткөргөн. Коноктор Улуттук китепкананын Маданий борборлору жана фонддору менен таанышышкан.

Эскерте кетсек, маданий делегация Нооруз майрамына карата келип, өлкөбүздүн борборунда болгон бир катар иш-чарага катышып, концерт да беришкен.

Пикир

Оставить комментарий