• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кытайдан келген кош бойлуу келин Бишкектеги перинаталдык борбордун атайын палатасына жаткырылды

Ден соолук 0

Бишкек, 18.02.20. /Кабар/. Кытайдан учуп келген кош бойлуу келин Бишкектеги перинаталдык борбордун атайын даяралган палатасына жаткырылды. Анын абалы канааттандыраарлык. Бул тууралуу Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымдайт.

Министрликтин билдирүүсүнө караганда, Кытайдагы университеттердин биринде окуган кыргыз жараны 16-февралда Москва-Бишкек каттамы менен учуп келген. Ал Кытайдын Ляонинг провинциясындагы Шеньянь шаарында жашап келген. Кыргыз жараны өлкөгө келгенде керектүү процедуралар жасалгандан кийин Бишкек шаарындагы республикалык жугуштуу оорулар клиникасына жиберилген.

24 жаштагы Ш.З., (боюнда бар, 32 жума) аттуу келинден сасык тумоо жана коронавируска карата анализдер алынып, илдетти жуктурбагандыгы аныкталган.

"Келин Бишкекке келгенге чейин жолдо узак убакыт өткөргөн. Ал Шеньянь – Урумчи - Пекин – Москва – Бишкек багыты боюнча учуп келген. Ошондуктан бул да кош бойлуу келиндин абалына таасир этиши мүмкүн", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий