• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кытайдан келген медициналык топ жергиликтүү дарыгерлерди онлайн түрүндө окутуп жатат

COVID - 19 0

Бишкек, 25.04.20. /Кабар/. Кытай Эл Республикасынан келген медициналык эксперттик топ жергиликтүү дарыгерлерди окутуу иштерин бир жумадан бери жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, лекция жана семинарлар аралыктан өтүлүүдө. Мындан сырткары, сабактар YouTube каналы аркылуу түз алып көрсөтүлүп жатат.

"Күн сайын бир нече саат аралыктан лекциялар өтүлүп, анда жугуштуу илдетке чалдыккандарды дарылоо ыкмалары, алдын алуу жана айыгып чыккан бейтаптар менен иштөө эрежелери үйрөтүлүүдө", - деп билдиришти министрликтен.

Министрдиктин маалыматына таянсак, КЭР медициналык эксперттик тобунун делегация мүчөлөрү өз тажрыйбалары менен бөлүшүүдөн сырткары, жергиликтүү дарыгерлердин жумушуна көз салышууда. Алардын аракетине оң деген бааларын берип жатышат.

“Биз Кыргызстанга кесиптештерибизге жардам берүү үчүн келдик. Баардыгыбыздын максатыбыз бир - жугуштуу илдеттин жайылышын алдын алуу. Кытайда иштеп жүргөндө бул ооруу менен күрөшүүдө бир нече ыкмаларын иштеп чыкканбыз, алар жакшы натыйжа берди. Кытайда жана башка мамлекеттерде дарылоону ийгиликтүү жүргүздүк. Азыр мына кыргыз кесиптештер менен иштеп жатабыз, бейтаптарды дарылоону гана эмес, айыгып чыккандар менен иштөөнү дагы окутуудабыз. Мындан ары дарыгерлердин өзүн-өзү коргоосу боюнча сабактар өтүлөт. Баарыбыз бирге болсок гана бул оорууну жеңебиз”, - деп билдирген медициналык эксперттик топтун жетекчиси Хай Бу Нур Юшан.

Пикир

Оставить комментарий