• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кытайдан Кыргызстанга куш этинин импорту токтотулган – Мамветинспекция

Коом 0

Бишкек, 18.02.20. /Кабар/. Коронавируска байланыштуу Кытайдан Кыргызстанга куш этинин импорту токтотулган. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Калысбек Жумаканов билдирди.

Ал, учурда Кыргызстанга Кытайдан азык-түлүктөр келип жатабы деген суроого жооп берип жатып, мурда куш эти сатылып алынса, коронавируска байланыштуу учурда, куш эти Кыргызстанга ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келип жатканын айтты.

"Учурда Кытайдан эч нерсе келбей эле. Мурда куш этин аз көлөмдө сатып алчубуз. Учурда ал ЕАЭБ өлкөлөрүнөн жана АКШдан келип жатат. Кытайда коронавирус чыккандан бери 1 килограмм эт келе элек", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий