• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кытайдан Кыргызстанга медициналык кызматкерлердин тобу келди. Сүрөт

COVID - 19 0

Бишкек, 20.04.20. /Кабар. Бүгүн Кытайдан Кыргызстанга медициналык кызматкерлердин тобу келди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, Кытай медиктери атамекендик адистерге коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө көмөк көрсөтүп, топтолгон тажрыйбасы менен бөлүшөт. Мындан тышкары, алар дарыгерлерге оорулууларды дарылоодогу мыкты ыкмаларын үйрөтүшөт.

Белгилесек, биздин өлкөгө Кытайдан медициналык эксперттерди жөнөтүү тууралуу макулдашууга 2020-жылдын 14-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен телефондук сүйлөшүүсүнүн жүрүшүндө жетишилген.

Эске сала кетсек, күн мурун Кыргызстанга Польшадан 8 медицина кызматкери келген.

Пикир

Оставить комментарий