• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кытайдан жардам катары келген беткаптар Бишкектеги Үй-бүлөлүк медицина борборлоруна берилди

Коом 0

Бишкек, 27.03.20. /Кабар/. Бүгүн, 28-мартта Саламаттык сактоо министрлиги Кытай өлкөсү берген гуманитардык жардамдын бир бөлүгүн Бишкектеги Үй-бүлөлүк медицина борборлоруна тапшырды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Штабдан белгилешкендей, Үй-бүлөлүк медицина борборлоруна 1 миң 600 респиратордук беткап, 45 миң медициналык беткап жана 700 даана коргоочу костюм берилген.

"Гуманитардык жардамдын калган бөлүгү жакынкы убакытта республиканын саламаттык сактоо уюмдарына жана санитардык-карантиндик постторго таратылат", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 25-мартта Кытай жардам катары 10 миң респиратордук беткап, 100 миң медициналык беткап жана 1 миң жеке коргоо каражаттарын берген.

Пикир

Оставить комментарий