• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кытайдын алдыңкы окуу жайында акысыз билим алуу – бактылуу билеттин ээси ким болот?

Коом 0

Бишкек, 05.06.18. /Кабар/. Кыргызстанда биринчи жолу Кытай университетинин алдында Эл аралык институт ачылды, анда студенттер коңшу өлкөнүн эң алдыңкы окуу жайларынын биринен акысыз билим алууга мүмкүнчүлүк алышат. Долбоор тууралуу кененирээк “Билим экспорт” Борборунун негиздөөчүсү Данияр Абдыкадыров айтып берди.

Ал “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйындын алкагында билдиргендей, мындай мүкүнчүлүк кыргызстандык абитуриенттер үчүн “Билим экспорт” тил борборунун ачылышы жана анын кучак жайышы аркылуу мүмкүн болгон. Тил борбору 2016-жылы ачылган.

“Жарым жылдын ичинде биз Кытайдын Бохай университети менен келишим түзүп, Кытай университети алдындагы эл аралык институтту негиздеп, Улуттук университеттин алдындагы институттун филиалы боло алдык. Бул биздин жарандарга Эл аралык институтка өтүп, кийин билимин Кытайда улантып кетүүгө мүмкүндүк берет”,-деп билдирди Абдыкадыров.

Ал маалымдагандай, Кыргызстандан барган студенттер үчүн Кытайда окуу акысыз болот. Келишим боюнча алар бир жыл Кыргызстанда окушат, андан соң өз билимдерин Кытайдын Бохай университетинен улантышат.

Абдыкадыровдун айтымында, институттун программасы бакалавр жана магистр студенттери үчүн жеткиликтүү болот. Кыргызстанда алар биринчи жыл Кытайдан келген мугалимдер жана ошол жактан ЖОЖду аяктап келген бүтүрүүчүлөрдөн билим алышат.

“Бохай университети 1950-жылы негизделген жана тарыхы абдан бай. Бүгүнкү күндө ал жакта дээрлик 25 миң студент билим алат. Мугалимдик курам 1200 адамдан ашун. Учурда ал Кытайдын эң алдыңкы окуу жайларынын бири болуп саналат. Биздин алар менен келишим түзгөндүгүбүз – бул биздин студенттер коңшу өлкөнүн эң кымбат университеттеринин биринен билим алууга мүмкүндүк берет дегенди айтып турат”,-деп билдирди Абдыкадыров.

Ошондой эле ал кошумчалагандай, Бохай университети Корея, Япония, Улуу Британия, АКШ сыяктуу өлкөлөр менен кызматташкан жана алардын катарына эми Кыргызстан дагы кирди.

КР профсоюздар федерациясынын алдындагы эмгек жана социалдык алакалар Академиясынын биринчи проректору Кубатбек Абдырахманов билдиргендей, аталган программада негизди басым аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн чыккан студенттерге жасалат. Фокус-тайпадагы мыкты студенттер үчүн Кытайдагы бардык чыгымдарды кабыл алып жаткан тарап төлөйт. Ал эми бир аз билим алуу жагынан көйгөйү бар студенттердин окуу процесси гана акысыз болот.

Пикир

Оставить комментарий