• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кытайдын калкынын саны 1,4 млрд кишиден ашты

Дүйнө 0

Бишкек, 17.01.20. /Кабар/. 2019-жылдын аягына карата Кытайдын калкынын саны Макао, Гонконг жана Тайвань атайын административдик райондорун эсепке албаганда 1,4 млрд кишиден ашты. Бул тууралуу Кытайдын мамлекеттик статистика бюросу билдиргенин РИА Новости жазат.

Былтыр Кытай калкынын саны 4,67 млн кишиге арткан (2018-жылы – 5,3 млн).

Маалыматка ылайык, 2019-жылы Кытайда 14,65 млн ымыркай жарык дүйнөгө келген.

Ошол эле учурда былтыр 9,98 млн адам көз жумган.

"Кытайда эркектердин саны 715,27 миллионду, аялдардын саны 684,78 миллионду түзгөн. Калктын жалпы саны 1 млрд 400 млн 50 миңге жетет", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий