• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кытайдын Коргоо министрлиги Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнө гуманитардык жардам көрсөттү

Коом 0

Бишкек, 18.05.02. /Кабар/. Коронавирус менен күрөшүүгө колдоо көрсөтүү максатында Кытайдын Коргоо министрлиги тарабынан Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнө 22 млн сомго медициналык багыттагы гуманитардык жардам берилди. Бул тууралуу Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынан билдиришти.

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынан башчысы Райимберди Дүйшөнбиев Кытайдын элчиси Ду Дэвэнь менен болгон жолугушууда Кытай тарапка көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдирген.

Башкы штабдан белгилешкендей, келген жардам Куралдуу күчтөрдүн аскер бөлүктөрү, мекемелери арасында бөлүштүрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий