• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кытай элчиси: КЭР Кыргызстанга коопсуздук жаатында каржылык жардам көрсөтөт

Саясат 0

Бишкек, 11.02.22 /Кабар/. Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь “Кабар” агенттигине берген маегинде кытай тарап Кыргызстанга 50 млн кытай юаны суммасына коопсуздук жаатынжа жардам бере турганын убада кылганын билдирди.

Ошондой эле элчи КР президентинин Кытайга иш сапарынын алкагында эки өлкөнүн лидерлери эки тараптын тең эл аралык жана аймактык иштерде координацияны жана өз ара аракеттенүүнү күчөтүү жана эл аралык адилеттүүлүктү биргелешип коргоо, ошондой эле коопсуздук, терроризмге жана уюшкан кылмыштуулукка каршы биргелешип күрөшүү, коопсуздукту камсыздоо жаатында эки өлкөнүн кызматташтыгынын деңгээлин ар тараптуу жогорулатууга даяр экендиктерин жана аймактын коопсуздугу жаатында кызматташууга чечкиндүүлүктөрүн билдиришкендигин белгиледи.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 3-6-февраль аралыгында иш сапары менен Кытайга барып келген. Иш сапардын жүрүшүндө мамлекет башчысы Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылышына катышып, КЭР төрагасы Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.

Өлкө лидерлери саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык жана башка чөйрөдө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашкан.

Пикир

Оставить комментарий