• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кытайдын лидери Түндүк Кореяга иш сапары менен барат

Дүйнө 0

Бишкек, 18.06.19 /Кабар/. Беш күн мурун мамлекеттик иш сапары менен Кыргызстанда болгон Кытайдын жетекчиси Си Цзниьпин Түндүк Кореянын борбору Пхеньян шаарына барууга даярданууда.

Буга чейин Түндүк Кореяга Кытайлык жетекчилер 14 жыл мурун барышкан, деп жазып чыкты “Нью-Йорк Таймс” гезити.

Серепчилердин айтымында, Си Цзиньпин президент Трамп менен Ким Чен Индин ортосундагы өзөктүк курал боюнча ийгиликсиз аяктаган сүйлөшүүлөрдү жандандырууга аракет кылууга ниеттенип жатат. Бул иш сапарын Кытай жетекчиси соода иштерине байланыштуу келип чыккан АКШ-Кытай чыңалуусун жеңилдетүү үчүн жасамакчы.

“Нью-Йорк Таймс” гезитинин айтуусуна караганда, Си Цзиньпин Пхеньянга бейшемби күнү 20-июнда келет. Эгерде ал Ким Чен Индин макулдугун ала турган болсо, анда макулдашуунун жыйынтыгын президент Трампка Осака шаарында боло турган G20 мамлекеттеринин экономикалык форумунда сунуш кылып чыга алат. Япониядагы бул форум 28-июнга белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий