• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кытайдын СУАРна барып келген казак дипломаты андагы лагерлер жөнүндө айтып берди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 11.01.19 /Кабар/. Кытайдын Синьцзян-Уйгурй автоном районунда (СУАР) болуп келген казак элчисинин кеңешчиси Манарбек Кабазов андагы саясий кайра тарбиялоо лагерлери тууралуу айтып берди.

«Ал студенттер үчүн түзгөн шарттар Кытай бийлиги өз жарандарына жакшы кам көрө турганынан кабар берип турат. Анда аларга жаңы кесиптерге үйрөнүүгө бардык шарттар каралган», — деди Кабазиев Кытайдын CCTV телеканалына берген интервьюсунда.

Малайзиянын Кытайдагы элчилигинин өкүлү Мохаммед Хосни Шахиран Исмаил СУАРдагы лагерлер тууралуу ММКлардан окуп, аларды таптакыр башкача элестеткенин айтты. «Азыр бул борбордогу чыныгы жашоону көрдүм», — деди ал.

Ооганстандын Кытайдагы элчилигинин кызматкери Саид Хабибурахман Хусинпур СУАРга баргандан кийин андагы лагерлер тууралуу пикири толук өзгөргөнүн билдирди.

«Бул сапарга чейин мен көптөгөн кептерди уккам. Бирок абал таптакыр башкача экен. Борборлордо чынында эле баары жакшы. Анда тарбияланып жаткандар көптөгөн нерселерге үйрөнүшөт экен», — деди ал.

Reuters агенттигинин маалыматына караганда, СУАРга барган 12 өлкөнүн дипломаты аймактагы базарларда, мечиттерде жана окуу жайларда болуп кайтышкан.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги казак дипломаттары аталган аймактагы лагерлерге барып келишкенин ырастады. Мекеменин басма сөз катчысы Айбек Смадияров элчилик кызматкери Үрүмчү, Кашкар жана Хотан шаарларында болуп, СУАРдын өкмөт башчысы Шохрат Закир менен жолукканын билдирди.

Кытай СУАРга Батыш өлкөлөрүнүн дипломаттары менен эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн чакырган эмес.

Эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюму дипломаттардын бул сапарынан кийин атайын билдирүү таратты. Анда алар кытай бийлиги тарабынан уюштурулган сапар «катуу көзөмөлдөнгөн сапар» деп аталган.

Кытайдагы «саясий кайра тарбиялоо лагерлери» тууралуу алгачкы маалыматтар 2017-жылы апрелде пайда болгон. Анда азчылыкты түзгөн казак жана уйгур улутундагы адамдар туугандары кармалып, алар менен байланыша албай калышканын билдиришкен. Көп өтпөй эл аралык уюмдар менен Батыш өлкөлөрү Кытайда азчылыкты түзгөн улуттар кысымга кабылып жатканын билдире башташкан.

Былтыр августта БУУ «ишенимдүү булактардын» маалыматы боюнча «кайра тарбиялоо лагерлери» деп аталган борборлордо миллиондон ашык аз улут өкүлдөрү, анын ичинде мусулмандар күч менен кармалып турушу мүмкүндүгүн билдирген. Эл аралык уюмдар менен Батыш өлкөлөрү Пекинге кайрылып, өкүлдөрүн Шинжаңга киргизүүнү өтүнүшкөн. 7-январда Кытай ТИМи эгер «бардык тартиптер» сактала турган болсо, анда бийлик БУУнун өкүлдөрүн Шинжаңга киргизүүгө даяр экенин билдирген.

Буга чейин Кытай бийлиги мындай борборлордун экендиги тууралуу маалыматтарды четке каккан.

Пикир

Оставить комментарий