• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кытайдын төрагасы кыргыз элин жана Жээнбековду Көз карандысыздык күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 31.08.20. /Кабар/. Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Көз карандысыздык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Коронавирус инфекциясы күч алган соң, Кыргызстан менен Кытай бири-бирине колдоо жана жардам көрсөтүп келе жатат, эпидемия менен биргеликте күрөшүүдө жемиштүү кызматташтыкты жүргүзүүдө. Бул кыргыз-кытай ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелеринин жогорку деңгээлин толук чагылдырат. Эки өлкөнүн эли жалпы күч-аракеттеринин негизинде COVID-19 эпидемиясын кыска мөөнөттө сөзсүз жеңерибизге ишенем.

Кыргызстан менен мамилелерди өнүктүрүүгө абдан көңүл буруу менен эки өлкөнүн жана элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн ар тараптуу кыргыз-кытай стратегиялык кызматташтыгын Сиз менен биргеликте алдыга жылдырууга даярмын», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Си Цзиньпин дос мамиледеги Кыргызстанга өсүп-өнүгүүнү, ал эми кыргыз элине бакыт жана тынчтык каалады.

Пикир

Оставить комментарий