• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кытайдын Цзиань шаарында эркек киши элге бычак менен кол салды

Дүйнө 0

Бишкек, 21.02.19. /Кабар/. Кытайдын чыгышындагы Цзиань шаарында колунда бычак кармаган эркек көчөдө бара жаткан кишилерге кол салды. Бул тууралуу жергиликтүү полиция билдиргенин ria.ru жазат.

Кол салуу жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:12де Цзичжоу районунун бир көчөсүндө болгон. Полиция кызматкерлери менен ал жердеги адамдар аны тез эле токтотуп калышкан. Жаракат алган 11 адам ооруканага жеткирилген.

Алдын ала маалымат боюнча, кол салган адам 33 жаштагы жергиликтүү тургун болгон. Анын туугандарынын билдиргени боюнча, ал психикалык оору менен жабыркап, дарылануудан өткөн.

Пикир

Оставить комментарий