• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кытайга каршы митингдер эки өлкөнүн мамилесин бузуу ниетинде болгон – элчи Сяо Цинхуанын расмий позициясы

Саясат 0

Бишкек, 08.02.19. /Кабар/. Кытайга каршы митингде айтылган сөздөр чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Сяо Цинхуа журналисттер менен жолугушууда билдирди.

Бишкекте Кытайга каршы өткөрүлгөн митинг боюнча пикирин айтып жатып, элчи ал акцияда Кыргызстандагы Кытай саясатын туура эмес чечмеленгенин айтты.

"Кытайдан келген насыялар, долбоорлор, Кыргызстанда жүргөн КЭРдин жарандарынын саны боюнча көп талаш болду. Мен Кытай экспансиясы тууралуу жазган КРнын басылмаларын көрдүм. Карызга батыруу боюнча сөздөр бар экен. Митингде айтылган сөздөр, чакырыктарды окудум. Буга байланыштуу Кыргызстандын эли Кытай менен достукту түшүнүшү үчүн бир нерсе айткым келет", - деди ал.

"Биринчи кезекте митингге чыккандар айткан маалыматтар, чакырыктар, сандар чындыкка дал келбей турганын белгилегим келет. Алар негизсиз. Биздин достуктун тарыхы тууралуу айтсак, Кыргызстан менен Кытай илгертеден коңшу жана дос болуп келет. Кылымдар бою аталарыбыз дос болгон. Бизди бул нерсе байланыштырат. Жаңы заманда байыркы Жибек жолу жаңы түскө ээ болду. Ал бизге дагы жакын болуу үчүн мүмкүндүк берди. Кыргыз-кытай мамилелери жаңы ийгилик, башталыштардын алдында турат деп эсептейм", - деди элчи.

Ал Кытайга каршы митингдер эки өлкөнүн мамилесин бузуу ниетинде болду деп эсептейт. Бирок элчи Кыргызстан менен Кытай жакын коңшу, ишенимдүү өнөктөш жана түбөлүк дос болуп кала берерин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий