• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кытайлар шамалга учкан бир нече миң юанды кармап алышып, ээсине кайтарып беришти

Дүйнө 0

Бишкек, 1.02.18 /Кабар/. Кытайдын Хэйлунцзян провинциясынын Шуанъяшань шаарында көчөдө бара жаткандар шамалга учуп бара жаткан акчаларды кармап алышып, ээсин таап, ага кайтарып беришкенин South China Morning Post басылмасы жазат.

Адамдар көчөдөгү 100 юань номиналындагы 4,8 миң юанды (43 миң рубль) кармап алышкан. Көчөдө бара жаткан адамдардын бири ишкер Цзян Гунъю окуя тууралуу коңшу жайгашкан банктын бөлүмүнө билдирген. Анын демилгеси менен ал жактагы байкоо камералары текшерилген.

Видеодо банктын кардарларынын бири колунда 15 миң юань кармап чыгып (134 миң рубль) чөнтөгүнө салып, акчанын бир бөлүгү чачылып калганын байкабай калган. Банк ал акча жоготкон адамдын өздүгүн аныктап, аны менен байланышка чыгышкан. Белгилүү болгондой, көчөдөгү адамдар жоголгон акчанын дээрлик баарын чогултушкан. Болгону 200 юань жетпей калган. Ал Цзянга чынчылдыгы үчүн 200 юань сунуштаган, бирок ишкер сыйлыктан баш тартканын lenta.ru билдирди.

“Эгерде мен акчаны таап, аны кайтарып келе албасам, Жаңы жыл биздин үй-бүлө үчүн мындай кубанычтуу болмок эмес”, - деди акчанын ээси.

Кытайда шамал жашоочулардын акчасын учуруп кеткен учурлар көп болот. 2016-жылдын ноябрында Яньчэн шаарындагы банктын кардарынын 30 миң юанын шамал учуруп кеткени маалымдалган. Бир айдан кийин Далянь шаарында шамалга 25 миң юань учуп кеткен. Эки жолу тең өтүп бара жаткан адамдар жоголгон акчаны чогултууга жардам беришкен.

Пикир

Оставить комментарий