• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кытайлык адистер Кыргызстандын Улуттук вирусологиялык лабораториясынын иши менен таанышты

COVID - 19 0

Бишкек, 21.04.20. /Кабар/. Бүгүн 21-апрель күнү Кытайдан келген дарыгерлер Оорулардын профилактикасы жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине барып, департаменттеги лабораториянын иши менен таанышты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Белгилей кетсек, кыргызстандык дарыгерлерге коронавирус менен күрөшүүдө жардам көрсөтүп, тажрыйба бөлүшүү үчүн кечээ, 21-апрелде Кытайдан 11 медицина кызматкеринен турган делегация келген.

Аталган департаменттин лабораториясынын башчысы Айгүл Жумаканованын айтымында, Кытайдан келген делегациянын катарында эпидемиолог, вирусолог жана лаборатория кызматкерлери бар.

"Кытайдан келген кесиптештерибиз менен бардык маанилүү маселелерди талкууладык. Алар коронавирус менен күрөшүү боюнча өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүп, керектүү кеңештерди берди. Кытайлык адистер биздин тестирлөө жана дарылоо ыкмаларыбыз алардыкы менен окшош экенин белгилеп, вирусту алдын алуу чараларын аткаруу менен жеңе алууга болорун билдиришти", - дейт ал.

Кытайлык адистер Кыргызстанда бир жумага жакын болот.

Пикир

Оставить комментарий