• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кытайлык блогер "лайк" үчүн өзүнүн энеси катышкан жасалма жол кырсыгын уюштурган

Дүйнө 0

Бишкек, 26.08.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кытайдын Чжэнчжоу шаарында Чао (Chao) аттуу блогер жасалма жол кырсыгын уюштурган. Бул тууралуу South China Morning Post гезити жазып чыкты.

Чаонун сценарийи боюнча, ал "Lamborghini" үлгүсүндөгү унааны айдап баратып электр скутер менен бараткан 55-жаштагы аял (анын энеси) менен кагылышып калат. Жасалма жол кырсыгынан "жабыркаган" аял, тактап айтканда блогердин энеси жерде жатып, "жаракат" алганын көрсөтөт. Окуяны блогердин досу тасмага тартып турган.

Муну жасаган Чао, социалдык тармактагы баракчасын белгилүү кылууну каалаган.

Бирок, бул окуяга күбө болгондор полиция кызматына кайрылып, блогердин айынан жолдо тыгын пайда болду деп арызданышкан. Жыйынтыгында полиция Чаону, анын энесин жана досун 5 күнгө камакка алып, коомдук тартипти бузгандыгы үчүн 200 юань өлчөмүндөгү салык салган.

Пикир

Оставить комментарий