• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кытайлык ишкерлер кыргыз студенттерин биткоинди колдонууга үйрөтүшөт

Экономика 0

Бишкек, 16.11.18. /Кабар/. Кыргызстандагы санариптик активдердин биржасынын - блокчейн технологияларын өнүктүрүү долбоорунун алкагында кытайлык ишкерлер студенттерди санариптик технологияларга үйрөтүүнү пландоодо. Бул тууралуу Блокчейн изилдөө институтунун директору Ван Чаобо "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жаш кадрлар сөзсүз түрдө жумушка орноштурулат.

"Кыргыз экономикалык университети менен биргеликте биз студенттерди топтоп, аларды биздин технологиялар боюнча стабилдүү биткоинди колдонууга, блокчейн технологияларын колдонуу менен электрондук соодага, интернет технологияларын колдонууга жана башкаларга үйрөтөбүз", - деди Ван Чаобо.

Директор аталган долбоор кыргыз жана кытай тарап үчүн жакшы түшүмдөрдү берерине жана өлкөнүн экономикасын көтөрөрүнө ишендирди.

Пикир

Оставить комментарий