• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кытайлык компаниялар КРдан бал, ун жана айыл чарба азыктарын экспорттоого кызыкдар

Экономика 0

Бишкек, 24.10.19. /Кабар/. Пекинде өткөн багбанчылык боюнча эл аралык ЭКСПО-2019 көргөзмөсүндөгү Кыргызстандын күркөсүнө кытайлык ишкерлер күбө болгондон кийин өлкөгө Кытайдын 4 компаниясынын өкүлдөрү келип кетишти. Бул тууралуу "Кабар маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Айыл-чарба министринин кеңешчиси, кыргыз күркөсүнүн директору Азат Эркебаев билдирди.

Анын айтымында, көргөзмөдө "Шоро", "Яшар", "Кыргыз Органик" компаниялары баштаган 14 аты чыккан компаниялардын 700 өндүрүмдөрү коюлган

"Биздин өндүрүмдөр экологиялык жактан таза келет. Кыргызстандын күркөсүнө 5 ай аралыгында көптөгөн кытайлык ишкерлер келип, кызыккан кыргызстандык компаниялар менен мындан ары кызматташуу үчүн өлкөгө келишкен. Меним билишимче бир катар ата мекендик компаниялар кытайлык ишкерлер менен макулдашууларга кол коюшкан. Учурда эки өлкөнүн документтерин тактоо иштери жүрүп жатат", - дейт Эркебаев.

Пикир

Оставить комментарий