• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кытайлык окумуштуулар вирусту аныктоочу акылдуу беткап ойлоп табышты

Дүйнө 0

Бишкек, 11.10.22. /Кабар/. Шанхайдагы Тонцзи университетинин окумуштуулары респиратордук вирустарды аныктагыч аппаратты ойлоп табышты, ал беткаптарга тагылат.

Республикалык штабдан билдиришкендей, изилдөө материал таануу боюнча белгилүү Matter журналында жарыяланган.

Өздөрүнүн билдирүүчү жабдыгын сыноо үчүн, окумуштуулар аны атайын бөлмөнүн ичине илип коюп, COVID-19, чочко жана куш тумоосунун вирустук белоктору кошулган суунун тамчыларын абага чачыратышкан.

“Билдирүүчү атайын аппарат патогендери бар - ооруу жугузуп алган адам жөтөлгөндө чыгарган тамчылардан дагы ондогон эсе майда суунун микролитринин үлүштөрүн дагы аныктай алат экен”, - деп айтылат маалыматта.

Окумуштуулар оору тууралуу белги жөнөтүлө турган телефонго жүктөлүүчү тиркемени түзүү калганын белгилешүүдө. Мындай белгини алгандан кийин, беткап ээси "жугуштуу компаниядан" өз убагында кетип кала алат.

Пикир

Оставить комментарий