• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Кытайлык жана польшалык адистер менен тажрыйба алмашуу активдүү жүрүүдө - Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 23.04.20. /Кабар/. Кытайдан жана Польшадан келген медицина кызматкерлери менен тажрыйба алмашуу активдүү жүрүүдө. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Польшадан келген дарыгерлер тобу Жугуштуу оорулар ооруканасында үзгүлтүксүз иш алып барууда. Азыркы убакта активдүү тажрыйба алмашуу жүрүүдө. Бүгүн алар Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен онлайн коференция өткөрөт. Ошондо да көп маселелер талкууланып, баа берилет.

“Кытайлык адистер менен дагы активдүү тажрыйба жана маалымат алмашуу жүрүүдө. Кытайлыктар бизге жогору баа берүүдө. Бүгүнкү күндө алар биздин ооруканаларга активдүү барышууда. Бул окуулар дагы бир нече күн уланат, биз жакшы билимге ээ болуп, тажрыйба алмашуу жемиштүү болот деген үмүттөбүз”, - деди Үсөнбаев.

Эскерте кетсек, Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүүдө өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, көмөк көрсөтүүгө Польшадан жана Кытайдан медициналык кызматкерлер келген.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 23-апрелге карата коронавирус жуктурган 19 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 631ге жетет. Алардын ичинен 302 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий