• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кытайлык жигиттин жүрөгүнөн тиш чукугуч табылды. Төрт жыл ичинде дарыланууга $30 миң короткон

Дүйнө 0

Бишкек, 05.02.19 /Кабар/. Кытайдын Наньнин шаарынын тургунунун жүрөгүнөн дарыгерлер тиш чукугучту алып чыгышкан. 29 жаштагы Чжоу аны төрт жыл мурун алкоголдук коктейлди ичип жатканда жутуп алган, - деп жазат Daily Mail гезити.

Маалыматка ылайык, Чжоунун дене табы 40 градуска жетип, ооруканага түшкөн. Дарыгерлерге акыркы төрт жылдан бери ден-соолугу барган сайын начарлап баратканын билдирген

Медиктер текшерип жатып, Чжоунун өпкөсүндө көлөкөнү жана жүрөк тарабында сезгенүүнү байкашкан.

Операция учурунда хирургдар бейтаптын жүрөк камераларынын биринен 6 сантиметрдик тиш чукугучту табышкан.

Дарыгерлердин болжолу боюнча, тиш чукугуч дем алуу органдары аркылуу барып өпкөнү тешип, жүрөккө сайылып калышы мүмкүн эле.

Чжоу төрт жылдан бери ден-соолугу начарлап, температурасы көтөрүлүп, өпкөсү сезгене берчү. Бирок дарыгерлер ага так диагноз кое албай коюшкан. Ошол аралыктан бери ал дарыланууга 30 миң доллар короткон.

Пикир

Оставить комментарий