• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыз ала качуу боюнча милицияга расмий арыз келип түшкөн эмес – ИИМ

Коом 0

Бишкек, 08.10.19. /Кабар/. Интернетке тараган Таластагы кыз ала качуу боюнча ички иштер органдарына расмий арыз келип түшкөн эмес. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, республика боюнча милиция кызматкерлери текшерүү иштерин жүргүзүүдө. Аталган факты аныктала элек жана милицияга расмий арыз келип түшкөн эмес.

"Таластагы кыз алуу качуу боюнча тасма Интернетте тараган. Тасманын автору жашы жете элек өспүрүм кызды Таласта ала качып кетишкендигин маалымдаган. Кадрда жаш кызды көшөгөнүн артында күч менен кармап жаткан аялдарды көрүүгө болот. Кызды 35 жаштагы адамга мажбурлап турмушка берип жаткандыгын билдирген", - деп айтылат маалыматта.

Учурда ал тасмадагы маалыматтар боюнча Таластын милиция кызматы тарабынан кыз ала качуу фактысы боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий