Кыз ала качуу - бул салтпы же кайсы бир кокустук жагдайбы?

Маданият 0

Бул маселеде азыркы учурда эки тараптуу ой-пикирлер түзүлгөн. Ушул убакытка чейин улуу муундардан ата-бабаларыбыз илгертен кыз ала-качып үй-бүлө куруп келишкенин угуп келебиз. Бирок бул жагдай азыркы заманга канчалык деңгээлде туура келет деген суроо жаралат. Илгери ата-бабаларыбыз уулдары бой жетип чоңойгондо кыз караштырып, ата-тегин сураштырып, кыздын ата-энесинин алдына колун сурап куда түшүп келишкен, эки тарап сүйлөшүп макулдашкан, анан кыргыздын салт-санаасы менен той беришкен. Ошол эле учурда кыздын ата-энесинин алдына барбай туруп, кызды бир көрүп ала качып алган учурлар деле абдан көп болгон. Бирок жаңы курулган үй-бүлө очор-бачар болуп жашап кетишине эч-кандай күмөн болбогон. Азыркы заманга бул жагдай дал келбегендиги өтө кейиштүү. Анын себеби, бир нече жыл сүйлөшүп жүрүп, болбогондой чоң той берип үй-бүлө куруп, бир ай жашап ажырашып кеткендер арбын. Ошол эле учурда ала-качып үй-бүлө куруп жашап кеткендер да жок эмес.

Кыз ала качуудагы үй-бүлөнүн, мамлекеттин жана диндин ролу

Ала качууга бөгөт коюуда үй-бүлөнүн, мамлекеттин, диндин ролу чоң. Көбүнчө айыл жеринде үй-бүлө ала качуунун артынан курулат деген түшүнүк бар. Уул-кызы бойго жеткенде алар менен үй-бүлө куруу маселеси терең, ачык-айкын талкууланбагандыктан чыккан жагдай болушу да мүмкүн. Мамлекет тарабынан кандайдыр бир түшүндүрүү иштери жүргүзүлсө кыздардын укуктук сабатсыздыгынын жоюлушуна бир аракет жасалса, ала качуу жок болбосо дагы, кескин азаят беле. Укук коргоо органдарына болгон ишеничтин жоктугу да ала качууга жол ачат. Айрымдар милицияга кайрылуунун кажети жок, алар жардам бере албайт деп эсептейт. Анткени ала качууга карата тийиштүү жаза көрүлбөйт. Көбүнчө ала качуу бул салт деген түшүнүктөн келип чыккан жагдай.

Бир да динде, анын ичинде ислам дининде, кыз ала качууга жол берилбейт. Азыркы учурда диний институттар кеңири жайылды, диний жактан билим алгандар көбөйүүдө. Мындай шарттарда ала качуу тууралуу жаштарга диний түшүндүрмөлөр аркылуу жеткирүүгө болот. Ал эми диний кызматкерлерге карата ала качуу жолу менен мажбурлап никеге тургузууда кандайдыр бир жаза көрүлсө, молдолор нике кыйгандан баш тартып, диний кызматкерлер менен укук коргоо органдары биргелешип түшүндүрүү ишин жүргүзүшсө гана бир оң жыйынтык чыгышы мүмкүн.

Ала качуунун натыйжалары

Ажырашуунун көбөйүшү. Ажырашуунун көбөйүшүнүн кесепетинен социалдык жетимдердин саны өсүүдө. Кыргызстанда жетим жана кароосуз калган балдарды камкордукка алган ондогон мекемелер бар. Мындай жайларда тарбияланып жаткандардын дээрлик 80 пайызы социалдык жетимдер болуп саналат. Психологдордун айтымында, бири-бирин тааныбай туруп, баш кошкондордун арасында ажырашуу көп болот, ага өз ара түшүнбөстүк да себеп болоору белгиленген. Ал эми түшүнбөстүккө жубайлардын бири-бирин жакшы тааныбагандыгы түрткү болот. Карапайым жарандар да ажырашууга ала качуу негиз болот деп эсептешет. Ала качууда бир эле кыздын гана эмес, баланын дагы тагдырына кесепети тийет. Келин алам деп жакшы тилек кылган ата-эненин моралдык абалы, материалдык чыгымы, ала качкан балага дагы оор келет, анткени үй-бүлө куруп, бала-чакалуу болсом деген баланын тагдыры бузулат. Ала качуу үчүн түрмөгө кесилген жарандын дагы тагдырына балта чабылып, ал жактан кандай адам болуп чыгаары дагы белгисиз. Негизи кыргыздын кыз ала качуу салты менен кыз уурдоо кылмышынын айырмасын түшүнө билишибиз керек.

Салт

Тарыхчылар мындай салт кыргызда болбогонун айтышат. Кыргыздар бир гана учурда - кыз менен жигит макулдашып, кыздын ата-энеси каршы чыкканда гана ала качкан. Негизинен куда түшүү, сөйкө салуу салттары бар. Бирок учурдагыдай зордоп ала качып, мажбурлап никеге тургузуу болгон эмес. Кыргыздар муну мурдатан келаткан салт деп түшүнүүсү туура эмес, кыздарды ала качыш керек деген салт жок экенин билиши керек. Эгерде биз кыз ала качууну салт дей турган болсок, анда биздин башка жакка көчүп кеткен этникалык кыргыздарга көңүл буруп карашыбыз керек. Ооганстан, Кытайда жана башка жерлерде жашап жаткан биздин этникалык кыргыздар көп салттарды сактап калышкан. Бирок алардын арасында ала качуу жок. Ала качууга жогоруда айтылгандай, кыздын макулдугу менен гана бир тоскоолдук болгон учурда барышкан.

Кыргызстан көп улуттуу мамлекет, 120дан ашуун улуттун өкүлдөрү жашайт. Бирок, кыз ала качуу кыргыздарга гана эмес, башка улуттарга да тиешелүү экендигин биздин өлкөдөгү Кыргызстан элдеринин Ассамблеясынан сурап билдик. Ал эми ала качуу салт катары Кавказда бар экендигин “Кавказ туткуну” тасмасынан билебиз.

Негизи кыз ала качуу салты махабаттын касиетин жана кыргыз элинин эркиндикке болгон терең урматын даңазалаган салт экендигин мисалы, Жантай чалга сатылган, Болотунан айрылган Ак Мөөр сулуунун армандуу ырынын контекстинен түшүнсөк болот. Ошол замандын эрежесинде кыз бала кимге барат деген маселе эмес, кайда, кайсы салттуу жерге барат деген маселе коомчулуктун талдоосуна түшчү. Жаш курак эсепке алынчу эмес. Чыгармада чыныгы турмуштук окуя камтылган. Анын негизинде Алыкул Осмонов драма, Сүйүнбай Эралиев поэма жазса, Мелис Убукеев тасма тарткан. Бул поэманын авторунун максаты - окурмандын жан дүйнөсүндө Жантайга гана эмес, материализмге, кээ бир салт-санааларга сезимдерди ойготуу экенин байкасак болот. Анткени өткөн кылымдарда кызын сатуу салты күчөп, көп жаштардын көз жашы төгүлгөн. Бул салтка ачык каршы чыгуу кыйын болгон, анткени кыргыздар ата-энени кудайындай көргөн, каяша айтып, тике карап бир нерсе айтуудан айбыккан, ал эми салттын баары ыйык деп эсептелинген. Эми жогоруда айтылган поэма ошол доордун караңгыда жагылган шам чырактарынын бири болгон. Ушундай оор ырайымсыз салттардан кутулуу үчүн кыргыздар кыз ала качуу салтын жаратышкан.

Тарыхий мисалдар эмнени үйрөтөт

Акын Соронбай Жусуевдин “Курманжан Датка” ыр менен жазылган романын ала турган болсок, Курманжан сулуунун акыл-эси башкалардан өзгөчөлөнүп турган, намыскөй кыздардан болгон. Курманжан 17 жашка чыкканда атасы кудалашып койгон Төрөкул деген бийдин Кулсейит атуу баласына турмушка чыгарган. Бирок, күйөөсү көңүлүнө толбогондуктан, Курманжан мезгилинин катаал мыйзамына каршы туруп, атасынын үйүнө келе берет. Курманжан 21 жашында баргы уруусунун бийи Алымбек датка менен кокусунан жолугуп, көп узабай аны менен тагдырын кошкон. Өз тагдырын өзү чечкени - ошол учурдун кудалашуу салтына каршы чыккан намыскөй Курманжан сулуунун эрдиги. Кыз ала качуу салтынын максаты – сатыкка башы байланган же бешиктейинен кудаланып калынган кыргыздын кырчындай кызын мындай оор тагдырдан куткаруу болгон. Бул салттын маңызы - сүйүүнү кулчулдуктан куткаруу болгон. Ушундан улам, ала качууну салт катары көрүп, адам уурдоо кылмышына баруу тобокелдиги олуттуу экенин белгилеп кетмекчибиз

Алтынай Асаналиева, “Кабар”

Пикир

Оставить комментарий