• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыз ала качуу: Күйөө бала болчу жигит милициянын имаратында кызды өлтүрүп, өз жанын кыюуга аракет кылган

Кырсык 0

Бишкек, 28.05.18. /Кабар/. Жаш жигиттин кызды ала качып, баш кошуу үчүн кылган аракети өкүнүч менен аяктады. Милициянын маалыматы боюнча, 27-майда болжол менен саат 22:00дөр чамасында никеге туруу максатында кыздын уурдалганы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Шектүүлөрдү кармоо үчүн милициянын бардык бөлүмүнө баштапкы көрсөтмө берилген. Бир нече убакыттан кийин “Сосновка” өтмөгүндө 29 жаштагы Б.Д. башкарып бараткан “Субару-Аутбэк” унаасы милиция кызматкерлери тарабынан токтотулган. Унаанын ичинде 30 жаштагы С.А., жана 20 жаштагы Т.Б., аттуу эки жаран болгон.

Алар Жайыл районунун милиция бөлүмүнө жеткирилген. Ал жакта документтерди каттоо башталган.

Милициянын маалыматында, ал убакта Т.Б., (ала качкан кыз), жарандарды кабыл алуу бөлмөсүндө болгон. Бир нече убакыттан кийин Б.М., (ала качкан бала), жарандарды кабыл алуу бөлмөсүнө кирип, ичинен бекитип алган. Андан соң бөлмөдөн ызы-чуу менен коштолгон үндөр чыга баштаган.

Милиция кызматкерлери эшикти сындырып бөлмөгө киришкенде, кызды канжалаган абалда табышкан. Олдоксон жигит уруштун айынан жаш кызды жана өзүн бычактаган.

Дароо тез жардам чакырылып аларды ооруканага жеткиришкен. 20 жаштагы кыз өзүнө келбестен жандандыруу бөлүмүндө көз жумган.

29-жаштагы кишиге операция жасалып, учурда ооруканада.

Аталган фактынын негизинде “Киши өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Бардык керектүү экспертизалар дайындалды.

Ошондой эле бул иш боюнча кызматтык иликтөө башталды.

Пикир

Оставить комментарий