• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команда Бишкекте окуу-машыгуу жыйынын өткөрүүдө

Спорт 0

Бишкек, 16.02.21. /Кабар/. Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команда Бишкек шаарында окуу-машыгуу жыйынын өткөрүп жатат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Азия чемпионатына жана эл аралык лицензиялык мелдештерге ийгиликтүү даярдануу максатында кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Бишкек шаарында окуу-машыгуу жыйынын өткөрүп жатышат.

Окуу-машыгуу жыйын 12-февралда старт алган жана 28-февралга чейин уланат.

Окуу-машыгуу жыйынга төмөнкү спортчулар тартылган:
1. Айсулуу Тыныбекова, салмак категориясы 62 кг, ЭДСЧ
2. Айпери Медет кызы, 76 кг, ЭДСЧ
3. Мээрим Жуманазарова, 68 кг, ЭДСЧ
4. Нураида Анаркулова, 57 кг, СЧ
5. Назира Марсбек кызы, 57 кг, СЧ
6. Дильноза Сазанова, 62 кг, СЧ
7. Калмира Билимбек кызы, 57 кг, СЧ
8. Жаркынай Нурланбек кызы, 50 кг, СЧТ
9. Сезим Жуманазарова, 59 кг, СЧ
10. Нурбек Изабеков, башкы машыктыруучу.

Окуу-машыгуу жыйын Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланды.

Пикир

Оставить комментарий