• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команда Польшада өтчү мелдешке даярдык көрөт

Спорт 0

Бишкек, 21.05.21. /Кабар/. Кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөлөрү 8-14-июнь күндөрү Варшава шаарында (Польша) өтө турган «Poland Open» рейтингдик эл аралык мелдешине катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Ошондой эле спортчулар мелдешке ийгиликтүү даярдануу максатында 22-майдан 7-июнга чейин Таллин шаарында (Эстония) өтө турган эл аралык окуу-машыгуу жыйынга катышат.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама бул мелдешке төмөнкү курамда катышат:

1. Айсулуу Тыныбекова, ЭДСЧ, 62 кг;

2. Айпери Медет кызы, ЭДСЧ, 76 кг;

3. Мээрим Жуманазарова, ЭДСЧ, 68 кг;

4. Нураида Анаркулова, СЧ, 59 кг;

5. Назира Марсбек кызы, СЧ, 59 кг;

6. Нурбек Изабеков, башкы машыктыруучу;

7. Бактыгуль Алишева, догдур;

8. Константин Еремич, массажист.

Белгилей кетсек, кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан иш-сапарга жөнөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий