• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

“Кыз узатуу”! Ысык-Көлдө массалык уулануу болуп, 19 адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 10.06.19. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда массалык уулануу катталды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Маалымат боюнча, Ак-Суу аймактык ооруканасына бүгүн тамакка ууланган 19 адам кайрылган. Алардын төртөө жаш балдар. Алдын ала маалыматтар боюнча, элдер тойдо тартылган эттен ууланышкан.

Бейтаптардын бири кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. 11 адам Ак-Суу аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө жатат. Жетөө амбулатордук дарыланууга жиберилип, дарыгерлердин көзөмөлүндө болушат.

Учурда ооруканада стационардык дарыланууда болгон бейтаптардын абалы орточо оор деп бааланып, дарыланышууда.

Ал эми райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы тарабынан бул окуя текшерилип, калган тамак аштан экспертиза жүргүзүү үчүн үлгү алынган.

Анализдер даяр болгондо кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий