• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абадда кыздар арасында футбол боюнча мелдеш өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 04.05.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында мектептердин 5-6-7-классынын окуучулары арасында мини футбол боюнча мелдеш өтүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мелдешке шаар боюнча 12 мектептен түзүлгөн командалар катышууда.

Иш-чара Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн спорт мектеби тарабынан уюштурулган. Негизги максаты мектептер арасында достукту бекемдөө жана сергек жашоого үндөө.

Спорттук мелдештин соңунда алдыңкы орунду алган командаларга кубок ыйгарылып, калган катышуучуларга кызыктыруучу белектер тапшырылат.

Пикир

Оставить комментарий